КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/1
“Кербен шаардык кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”
Кербен шаардык кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 2 протоколуна жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына негиз, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаардык кеӊешинин сессиясынын жабык добуш берүүгѳ түзүлгѳн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы «Кербен шаардык кеӊешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» №2 протоколу бекитилсин.
- Кербен шаардык кеӊешинин депутаты Базарбаев Азамат Жунусалиевич - Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы кызматына шайланды, - деп эсептелсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын.
Кербен шаардык кеңешинин төрагасынын орунбасары: |
Ш.Зыябеков |