Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кезексиз сессия

 

2024-жылдын 6-февралындагы № 126/ХХХХХ-28

“№189, №190 контурларында жайгашкан жалпы аянты 16 796,00 чарчы метр болгон тазалоочу жайды ижарага берүү жөнүндө”

 

“Үмүт и К” ЖЧКсынын Директору К.Т. Абдуллаевдин 02.02. 2024-жылдагы № 9 кайрылуусундагы 25 жылдык мөөнөткө тазалоочу жайды ижарага берүү жана тазалоочу жайдын иштөөсүн калыбына келтирүү жана андан ары техникалык тейлөө максатында 30,0 млн. сомдук саркынды сууларды тазалоочу жайга жабдуулар түрүндөгү инвестициялык салым кылаарын Кең-Булуң айылдык кеңеши карап, талкуулап Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №189, № 190 контурларда жайгашкан аянты 16 796,00 чарчы метр тазалоочу жайды «Үмүт иКо» ЖЧКсынын инвестициялык салымдарын эске алуу менен 25 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Бабазов Р.М.