Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 12-январындагы № 125/ХХХХ1Х-28

 

“2024-жылга Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн бюджетин, 2025-2026-жылдарга болжолду жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине ылайык, 2024 –жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун, 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун карап чыгып, Кең-Булуң айылдык кенешинис сессиясы,-

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. 2024 - жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын суммасы 36245,6 миң сом жана эркин калдыктын суммасы 11862,96 миң сом менен бекитилсин, анын ичинен:

Жергиликтүү бюджет:

Негизги эсеп – 34361,6 миң сом,

Атайын эсеп – 1884,0 миң сом.

Жылдын башындагы эркин калдык:

Эркин калдык-11862,96 миң сом.

2. 2024 - жылга бюджеттин киреше бөлүгү Кең - Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга киреше бөлүгүнүн болжолуна ылайык киреше булактарынан түшкөн кирешелерден түзүлөт.

3. 2025-жылга бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу 36271,6 миң сом жана 2026-жылга 38292,6 миң сом суммасында бекитилсин.

4. 2024-жылга бюджеттик чыгашаларды каржылоо чыгымдардын сметасына ылайык, иш жүзүндө алынган кирешелердин жана 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

5. 2024-жылдын башындагы бош калган калдыктын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын суммасы 50,0 миң сом суммасында белгиленсин.

6. Кен-Булун айыл аймагынын башчысынын 2024-жылга резервдик фондун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасынан 1% чейин же 264,5 миң сом өлчөмдө түзүлсүн.

7. Кен-Булун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету 35151,2 миң сом суммасында кирешелер жана 51223,3 миң сом суммасында чыгашалар менен бекитилсин.

8. Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.

9. Кен-Булун айыл окмотунун жана Кен-Булун айылдык кеңешинин штаттык расписаниелери 8341,8 миң сом суммасында, Х.Мухтаров атындагы клубдун штаттык расписаниеси 558,7 миң сом суммасында, китепканачылардын штаттык расписаниеси 560,5 миң сом суммасында бекитилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кен-Булун айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Бабазов Р.М.