Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кенешинин V-чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2024-жылдын 28 - ноябры №3

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

         

          Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 12-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун негизинде, Кадамжай шаардык кеңеши 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кадамжай шаарынын аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00дө Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайында өткөрүлсүн.
  1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык 100 өкүл болуп бекитилсин.
  1. Жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү үчүн Кадамжай шаарынын аймагы 11 (он бир) аймактык бөлүктөргө бөлүнүп бекитилсин.
  1. Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  1. Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир аймактык бөлүктөрдө жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болуп дайындалсын.
  1. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Кадамжай шаардык мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө расмий сайттар, массалык маалымат булактары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабарлоо жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоосу милденттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.

Кадамжай шаардык

кеңешинин  төрагасы:

 

К.Дастиров

 Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы биринчи сессиясынын №3 токтомуна №1 тиркеме         

 

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кадамжай шаарынын жергиликтүү жашоочулары менен жыйындарды өткөрүү

Г Р А Ф И Г И

 № п/п

Аймактык бөлүктөр

Жыйын өтүлүүчү күн (датасы)

Жыйындын башталышы (убактысы)

Дареги

Жооптуулар

Эскертүү

1

Мехцех, Заводская, Орозбеков Аңкурсайга чейин

04.12.2024-ж.

10:00

Базардын ичи

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

2

А.Жалилов, Набережная

04.12.2024-ж.

11:00

“Жаштык” кинотеатры

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

3

Пролетарский, Садрик, Сейдалиев, Комсомольская, Спортивный

04.12.2024-ж.

13:00

Мечиттин жанында (Пролетарский)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

4

Орозбеков, Школьный, Ж.Орозбаев, Темирбаев

04.12.2024-ж.

14:00

Мечиттин жанында                   (Пүлгөн 3-бр.)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

5

Эрмек бий, И.Зайляпов, Пузулуев

04.12.2024-ж.

15:00

 Мечиттин жанында                   (Лесхоз)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

6

4-бригада

05.12.2024-ж

10:00

Мечиттин жанында                   (Пүлгөн 4-бр.)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

7

Бегалиев,                          Молдо Нажимидин

05.12.2024-ж

11:00

Геолоктор көчөсү (военный часть)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

8

Жаңы-Жер

05.12.2024-ж

13:00

Жаңы-Жер (балдар аянтчасы)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

9

Кирова, К.Ысманов, Береговая

05.12.2024-ж

14:00

ДК

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

10

Жийделик айылы

05.12.2024-ж

15:00

Жийделик

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

11

Северный, Металлург

05.12.2024-ж

16:00

Северный     (стадион футбол)

Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары

 

 

 

                    Жооптуу катчы                                                               Н.Максутова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы биринчи сессиясынын №3 токтомуна №2 тиркеме

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кадамжай шаардык кеңешинин жергиликтүү жашоочулар менен аймактык бөлүктөрдө жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын

 

Т И З М Е С И