Редакцияот 03.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 3-декабры № 730

Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жана керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкаларын белгилөө жөнүндө

"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкалары 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

2-тиркеме

Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын СТАВКАЛАРЫ

№

Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын топторунун, товарлардын таңгактарынын топторунун аталышы

Утилдештирүү жыйымынын ставкасы (1 тонна үчүн сом менен)

1

№ 1 топ

"Гофрленген кагаздан/картондон жасалган буюмдар"

4793

2

№ 2 топ

"Гофрленбеген кагаздан/картондон жасалган буюмдар"

5595

3

№ 3 топ

"Майлар"

8406

4

№ 4 топ

"Шиналар, покрышкалар жана резина камералар"

12345

5

№ 5 топ

"Резинадан жасалган буюмдар (шиналарды кошпогондо)"

17919

6

№ 6 топ

"Пластик таңгактоочу буюмдар"

9418

7

№ 7 топ

"Башка пластмасса буюмдары"

11008

8

№ 8 топ

"Айнек көңдөй"

4219

9

№ 9 топ

"Компьютерлер жана перифериялык жабдуулар, кеңсе жабдуулары"

36356

10

№ 10 топ

"Телевизиондук мониторлор, кабыл алгычтар"

36356

11

№ 11 топ

"Баштапкы элементтер жана баштапкы элементтердин батареялары"

135390

12

№ 12 топ

"Коргошун аккумуляторлор"

7471

13

№ 13 топ

"Аккумулятордук батареялар"

147166

14

№ 14 топ

"Электрдик жарык берүүчү жабдуулар"

10659

15

№ 15 топ

"Ири тиричилик техникасы"

36356

16

№ 16 топ

"Тиричилик техникасы майда, кол куралы"

36356

17

№ 17 топ

"Муздатуучу жана желдетүүчү жабдуулар"

36356

18

№ 18 топ

"Ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар"

11030

19

№ 19 топ

"Галогенсиз полимердик материалдардан жасалган таңгак"

9418

20

№ 20 топ

"Галогенди камтыган полимердик материалдардан жасалган таңгак"

12197

21

№ 21 топ

"Курама материалдардан жасалган таңгак"

44573

22

№ 22 топ

"Гофрленгенден картондон жасалган таңгак"

4973

23

№ 23 топ

"Кагаздан жана гофрленбеген картондон жасалган таңгак"

5595

24

№ 24 топ

"Айнек таңгак"

4219