Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын

 

2024-жылынын 25-марты №15/1

 

 « “Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө».

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгына негиз кайра каттоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчсы М.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

          1. “Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.

 

          2. “Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жобосу жаңы редакцияда бекитилгендигине байланыштуу юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

 

          3. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

          4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.

 

         5. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага:

Таштанбай уулу Манас