Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын

 

2024-жылынын 25-марты №15/3

 

 « Күнүмдүк жалданма жумушчулардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө».

 

          Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун күнүмдүк жалданма жумушчулардын эмгек акысын бекитүү жөнүндөгү экономикалык-статистикалык маалыматын угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

          1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун Күнүмдүк жалданма жумушчулардын эмгек акысын бекитүү жөнүндөгү экономикалык-статистикалык маалыматын эске алып, сегиз сааттан ашпаган бир күндүк жалданма жумушчулардын эмгек акысы 1000 (миң) сомдон ашпаган өлчөмдө бекитилсин.

 

          2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юриддикалык күчүнө кирет.

 

          3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М. Жапаровго жана айылдык кеңештин мыйзам боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Төрага:

Таштанбай уулу Манас