ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги X сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 27-январы № 10/5
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансасындагы МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун механизатор-оператору, Ылай-Талаа айылынын тургуну Ибраимов Жылдызбектин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ”Мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 2 –пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун механизатор-оператору Ибраимов Жылдызбектин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун механизатор-оператору Ибраимов Жылдызбектин кайрылган арызынын негизинде күйүүчү жана майлоочу майлардын кымбаттагандыгына байланыштуу МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун айыл аймагында айыл өкмөтүнүн жана башка юридикалык, физикалык тараптардын жумуштарын аткарууда тарифи ар бир мото/сааты үчүн 1950 сомго бекитилсин.
2. МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун ар бир иштетилген мото/сааты боюнча иштеткен тараптар менен эсептешүү жүргүзүү жана түшкөн каражаттын 1/3 (үчтөн бир) бөлүгүн айыл өкмөтүнүн эсебине которуу жагы МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозердун механизатор-оператору Ибраимов Жылдызбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Жаңыбаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |