КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 22-июлу № 17-4
Борко айылындагы К. Коконбаева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Борко айылындагы К. Коконбаева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылындагы К. Коконбаева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Борко айылындагы К. Коконбаева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы тайпа ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алуу, юридикалык каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана күз-кыш айларындагы жылуутууну, таза сууну, электр жарыгы менен камсыздоо жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э. |