Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 26-январы № 3

Ак-Турпак муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштуруу максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында Ак-Турпак муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2. Муниципалдык ишкана түзүү, уставын бекитүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А. Имаров