Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10

Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картогорафия боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн  Ак-Турпак айыл аймагынын админристративдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши  чечим кылат:

1. Ак-Турпак айыл  аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасына  жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысына Схемалык  картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Имаров