Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 13

 Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына кредит/лизингке атайын техника сатып алуу боюнча Ак-Турпак айыл   өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеӊеши Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын сактоо менен токтом кылат:

 

1. “Ак-Турпак” муниципалдык  ишканасына “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Кадамжай филиалы менен келишим түзүлүп, 5 (беш) жылдык мөөнөткө 18 (он сегиз) % менен кредит/лизингке 32 000 (Отуз эки миң) АКШ долларына (2 848,0 миң сомго) Мусоровоз SHACMAN 4*2  8м3 маркасындагы атайын техниканы сатып алууга макулдук берилсин.

 2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасы жаңыдан түзүлгөндүгүнө жана айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан айылдардагы таштандыларды өз убагында тазалап туруу максатында атайын техниканы сатып алууга өздүк наркынан 30% өлчөмүндө өздүк салымга 9 600 (тогуз миң алты жүз) АКШ долларына (854,4 миң сом), бажы алымына (пошлина) 15% өлчөмүндө 5 520 (беш миң беш жүз жыйырма) АКШ долларына (491,3 миң сом), камсыздандырууга, декларацияга жана башка техниканын чыгымдарына, жыйымга жана жеткирүүгө 1 500 (бир миң беш жүз) АКШ долларына (133,5 миң сом) жалпы  1 479,4 миң сом акча каражаты Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин. Финансы арендасынын (лизинг) келишимин түзүп, атайын техникага келишимде көрсөтүлгөн графиктеги сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.  

                                     

3. Тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров