ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 96
Зергер айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги жыйырманчы сессиясы токтом кылат:
1.Зергер айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме).
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |
тиркеме
Зергер айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планы
1.Айылдык кеңешинин 2024–жыл үчүн иш планын бекитүү (2024-жыл, январь айы. кеңештин төрагасы).
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылы кирешелер чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө (2024-жыл, январь айы, “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссия, ФЭБ башчысы). 3.Зергер жайыт комитетинин 2023-жылы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга бюдетин бекитүү жөнүндө.(2024-жыл,март айы, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы , жайыт комитети)
4.Социалдык тармакта аткарылып жаткан иштер жөнүндө. (2024-жыл, май айы,. Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн соцадиси).
5.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө (2024-жыл август айы, “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссия, Зергер айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы)
6.Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2024-жыл, август айы, Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн соцадиси). 7.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө (2024-жыл октябрь айы, “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссия, Зергер айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы. 8.Зергер айыл аймагындагы ички жолдорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия ФЭБ бөлүмү,жер адис, айыл башчылар, 2024-жыл, декабрь айы)
9.Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүүдө аткарылып жаткан иштер жөнүндө (2024-жыл, декабрь айы, Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия,жер адис,айыл башчылар).
Зергер айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Адилбеков