НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
2024-жылынын 24-январы №14/2
« 2023-жылдын аткарылышын кабыл алуу 2024-жылга карата бюджетин жана 2025-2026-жылдардын болжолдуу долбоорунун бекитүү жөнүндө ».
Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарылышын кабыл алуу, 2024-жылга карата бюджетин жана 2025-2026-жылдардын болжолдуу долбоорунун бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аткарылылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча билдирүүлөрү менен “Канааттандырарлык” деп табылсын.
- Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 25226,8 (жыйырма беш миллион эки жүз жыйырма алты миң сгиз жүз) сом, теңдөөчү грант 9 202,8 (тогуз миллион эки жүз эки миң сегиз жүз) сом, анын ичинен атайын каражаттан башкаруу аппаратына 289, 4 (эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сом. Балдар бакчасынан ата-энелер төлөмү 1450,0 (бир миллион төрт жүз элүү миң) сом, Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 (отуз миң) сом сумма кошулуп 34429,6 (отуз төрт миллион төрт жүз жыйырма тогуз миң алты жүз) сом суммасында бекитилсин.
- Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 (отуз миң) сом сумма Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 10,0 (он миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты 704 бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
- Назаралиев (Үч-Коргон) өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү бекитилсин.
- Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 34429,6 (отуз төрт миллион төрт жүз жыйырма тогуз миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
- Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2024-жылкы жана 2025-2026-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчиликти тартаары белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин, салык жана салык эмес толөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык жалпы жылдык чыгымдарынын төлөмдөрүнүн 2 пайызга чейинки же болбосо 326,9 (үч жүз жыйырма алты миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
- 01.01.2024-жылга калган калдык 7182,0 (жети миллион бир жүз сексен эки миң) сом бекитилсин. Бекитилген акча каражаты сметанын негизинде айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына иштетилсин. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чегинде, 700.0 (жети жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Өзгөчө кырдаалдар үчүн 2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджтинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
- Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңешке билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы О. Дөөлөталиевге милдеттендирилсин.
- 01.01.2024-жылга калган атайын каражаттын калдыгы 230,7 (эки жүз отуз миң жети жүз) сом 70111-аппарат башкаруу бөлүмүнүн 2215-башка чыгымдар жана кызматтар статьясына 66,2 (алтымыш алты миң эки жүз) сом, 70911-мектепке чейинки билим берүү мекемелери бөлүмүнө 2218-тамак азыктарын сатып алуу 164,5 (жүз алтымыш төрт миң беш жүз) сом иштетилсин.
- Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон Айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |