ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 97
Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ө.Шамурзаев маалыматын угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 20-сессиясы токтом кылат:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шамурзаевдин маалыматы алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарыла турган иш чаралары бекитилсин(тиркеме). 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |
тиркеме
Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарыла турган иш чаралары
№ | Иш чаралар | Аткарууга жооптуулар |
1 | Токтогул айылында 700 метр суу келүүчү каналды, 100 метр булак каналын тазалоо тазалоо | Айыл башчы,жер адис |
2 | Токтогул айылындагы мектептин эски имаратын копиталдык ремонттон өкөрүү | Айыл башчы |
3 | Токтогул айылында 1975-жылы курулган чирип калган электр чубалгылары кеткен 68 даана столболарды тактап РЭТ ишканасына карабаган столбаларына пасинке цемент алып байлап бекемдөө. | Айыл башчы |
4 | Кутурган айылындагы Б.Келдибаев орто мектебине балдарга ысык тамак берүү үчүн ашкана шаймандарын талаптагыдай даярдоо. | Айыл башчы ,мектеп директору |
5 | Кутурган айылындагы Медет, Шыйпыр жана Ай-Тийбес участкаларынын ички жолдорунаа шагыл төшөө. |
|
6 | Кутурган айылындагы ветеринардык сервисдин алдындагы суу түшкөн жерди курулуш материалдарды алып жабуу. | Ветадис |
7 | Жаны-Айыл айылында ремонт болуп жаткан бала бакчанын электр системасын, жылытуу системасын жасап орнотуу | Айыл башчы ,мектеп директору |
8 | Жаны-Айыл айылындагы М. Токтогулов көчөсүн жарыктандыруу | айыл башчы |
9 | Айылдык ФАПка көмүр киргизүү үчүн навес, ажаткана жана паровой куруу | Айыл башчы мектеп директору |
10 | Кайрат айылынын У.Исаков кѳчѳсүнѳ 200метр ички жолго шагыл тѳшѳѳ | Айыл башчы |
11 | Кайрат айылындагы А.Кадыров кѳчѳсүндѳгү РЭТ ишканасына караган электр мамычаларын алмаштырууга жана КТП-150КВа трансформаторун орнотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү | Айыл башчы |
12 | Кайрат айылындагы У.Исаков кѳчѳсүнүнѳ КТП-150КВа трансформаторун онотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү | Айыл башчы |
13 | Ничке-Сай айылынын 5 км ички жолдоруна шагыл төшөө. | Айыл башчы |
14 | Ничке-Сай айылындагы РЭТ ишканасына караган жогорку чыналуудагы 70 даана авариялык абалдагы электр чубалгылары кеткен столбаларды РЭТ ишканасынын иш планына киргизип алмаштырууга жетишүү | Айыл башчы |
15 | Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебин ыссык тамака киргизүү үчүн ашкана куруу. | Айыл башчы мектеп директору |
16 | Зергер айылындагы К.Айтиев көчөсүнө 2 км шагыл төшөө | Айыл башчы |
17 | М.Сулайманов көчөсүндөгү жогорку чыналуүдагы 40 даана электр столбаларын чубалгыларын күнгөй бетке которуу РЭТ ишканасынын иш планына киргизип ишке ашырууга жетишүү | Айыл башчы |
18 | Аюу айылынын 5 км ички жолуна шагыл төшөө (мазар жолу). | Айыл башчы |
19 | Айыл ичине 1 км жол боюна жарыктандыруу орнотуу
| Айыл башчы |
20 | Көрктөндүрүү,жашылдандыруу жумуштарын аткарууга алуу менен арык каналдарды,жол боюн таштандылардан тазалоо.Көрнөк жарнактарды иретке келтирүү | Маданият үйү,айыл башчылар |
21 | Иш чаралаарга ылайык архитектуралык жана кадастр жумуштарын аткаруу, ген планга 4 айылды киргизүү. | Жер адис,айыл башчылар |
22 | Зергер айыл аймагындагы кургак учук оорусуна чалдыкан атуулдарга, майыптарга,колдоого алынган үй-бүлөөлөргө, тоголок жетим балдарга материалдык социалдык төлөмдөрдү төлөө.
| Соц адис,айыл башчылар. |
23 | Авган согушунун ардагерлерине, Баткен согушунун катышуучуларына Чернобыль кыйроосунун катышуучусуна материалдык жардам берүү
| Соц адис,айыл башчылар |
24 | 8-Март аялдар күнүнө, 1-июнь балдар күнүнө, карыялар күнүнө,энелер күнүнө карата материалдык жардам берүү | Соц адис,айыл башчылар |
25 | Айыл аймак боюнча 7 айылдын талаа жолдорунун бузулган жерлерин сүрүп тегиздеп ондоо. | Жер адис,айыл башчылар |
26 | 21-март Нооруз күнүнө,1-Май эл аралык эмгекчилердин күнүнө, 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык спортук иш чараларды өткөрүү | Маданият үйү,айыл башчылар |
27 | Республикалык ,областык олимпиадага,спортук мелдештерге катышкан окучууларга колдоо көрсөтүү | ФЭБ бөлүмү |
28 | Кесиптик майрамдарга байланыштуу иш чараларды уюштуруу | Маданият үйү, ФЭБ бөлүмү |
29 | Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун иш жүзүнө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тийиштүү иш чараларды көрүү | Соц адис,айыл башчылар |
30 | Жолбун ит мышыктарды,чөөлөрдү атып жок кылуу иш чараларын жүргүзүү | ветадистер,айы башчылар |
Жооптуу катчы А.Адилбеков