ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 99
Кадыров Алтынбек Алтымышовичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайрат айылынын 2023-жылдын 9-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын Кадыров Алтынбек Алтымышовичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун карап, талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы сессиясы токтом кылат:
1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кадыров Алтынбек Алтымышовичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |