ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 101
Калктуу конуштардагы атуулдардын пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородунан алынуучу салыктар жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы сессиясы калктуу конуштардагы атуулдардын укук берүүчү документтеринен ашыкча пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы укук берүү өз чечимин аныктаганга чейин пайдаланган физикалык жер салыгын төлөө жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ш.Жаманкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Калктуу конуштардагы атуулдардын укук берүүчү документтеринен ашыкча пайдаланып келе жатышкан эшик алды огородуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы укук берүүгө өз чечимин аныктаганга чейин пайдаланган физикалык жер салыгын өндүрүү айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
2. Калктуу конуштардагы атуулдардын эшик алды огородунун бошотуу жөнүндө женилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда каралган тартипте жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |