Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 08-августундагы № 25/5

 

Чүй айылындагы эски китепкананы бузуу жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековдун Чүй айылынын Октябрь көчөсүндөгү №19 дарегинде жайгашкан эски китепкананы бузуу жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулашылган, имаратты изилдөө боюнча инженер К.К.Абылмажиновдун 2023-жылдын 24-февралындагы техникалык корутундусуна, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 44-беренесинин 2-пунктуна, «Муниципалдык менчик мүлк жөнүндөгү» 2-берененин 2-пунктуна, 9-берененин 3-пунктуна жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, депутаттардын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айылынын Октябрь көчөсүндөгү №19 дарегинде жайгашкан авариялык абалдагы жалпы аянты 118,50 м2 эски китепкананы бузууга уруксаат берилсин;

2. Имаратты бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу ишин өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев