ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылдын 14-февралы № 103
“Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 9,6 га жайыт жер тилкесин кайтарып алуу жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз жыйырма биринчи сессиясы “Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 9,6 га жайыт жер тилкесин кайтарып алуу жөнүндө” Өзгөн райондук прокуратурасынын 2023-жылдын 7-февралындагы №11-253-24 “Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө”талабын карап жана ушул маселеде Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:
1.“Пчелопитомник” акционердик коомуна мыйзамсыз өтүп кеткен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу 2912500 сомго бааланган 9,6 га жайыт жер тилкеси Зергер айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт жер тилкесин мыйзам талабына ылайык кабыл алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага: |
| Б.Келдибаев |