КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз он тогузунчу сессиясынын
2023-жылдын 4-октябры № 19-1
Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 18-ноябрында өтүүчү Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1 чечимине негиз, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Көтөрмө маданият үйүндө 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 150 болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин ( 2-тиркеме тиркелет).
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин ( 3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин ( 4-тиркеме тиркелет).
6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э. |
|
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз он тогузунчу сессиясынын 2023- жылдын 04-октябрындагы № 19-1-токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө болүү ченемдери
№ | Айылдын аталышы | Калктын саны | Делегаттардын нормасы |
1 | Кыргыз-Ата | 3 462 | 23 |
2 | Орто Мечит | 3 260 | 21 |
3 | Ак-Булак | 3 597 | 23 |
4 | Токмокбулак | 3 361 | 21 |
5 | Көтөрмө | 4 293 | 26 |
6 | Борко | 4 829 | 32 |
7 | Кара-Кой | 806 | 4 |
| Жалпы | 23 608 | 150 |
Жооптуу катчы | К. Заирова |
|
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз он тогузунчу сессиясынын 2023- жылдын 04-октябрындагы № 19-1-токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги
№ | Айылдын аталышы | Убагы | Өткөрүлө турган жер |
1 | Ак-Булак | 2023-жылдын 16-октябры саат 11:00 | С.Токторов ат.орто мектеби |
2 | Токмокбулак | 2023-жылдын 16-октябры саат 14:00 | С.Токторов ат.орто мектеби |
3 | Кыргыз-Ата | 2023-жылдын 18-октябры саат 11:00 | Маданият үйү (клуб) |
4 | Орто Мечит | 2023-жылдын 18-октябры саат 14:00 | Маданият үйү (клуб) |
5 | Көтөрмө | 2023-жылдын 23-октябры саат 14:00 | Маданият үйү |
6 | Борко | 2023-жылдын 24-октябры саат 14:00 | Маданият үйү (клуб) |
7 | Кара-Кой | 2023-жылдын 25-октябры саат 10:00 | “Курак-Тектир” орто мектеби |
Жооптуу катчы | К. Заирова |
|
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз он тогузунчу сессиясынын 2023- жылдын 04-октябрындагы № 19-1-токтомуна 3-тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | Аты-жөнү | Ээлеген кызматы |
1 | Женишбай уулу Элмурат | Жумушчу тобунун төрагасы |
2 | Заирова Кызайым | Жооптуу катчысы |
3 | Бабакулова Асидакан | Мүчөсү |
4 | Келдибек у. Бейшенбек | Мүчөсү |
5 | Каримбердиева Гүлмира | Мүчөсү |
6 | Турдуев Алтынбек | Мүчөсү |
7 | Бодоев Кочкорбай | Мүчөсү |
8 | Максытов Нуржан | Мүчөсү |
9 | Матиев Орозали | Мүчөсү |
10 | Камбаров Заир | Мүчөсү |
11 | Муктар у. Ысак | Мүчөсү |
Жооптуу катчы | К. Заирова |
|
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз он тогузунчу сессиясынын 2023- жылдын 04-октябрындагы № 19-1-токтомуна 4-тиркеме |
Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары