ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылдын 14-февралы № 104
“Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2023-жылы аткарылышы,2024-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинии жетекчилике алып “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезексиз жыйырма биринчи сессиясы токтом кылат:
1. Зергер жайыт комитетини 2023-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Зергер жайыт комитетинин 2024-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 801210 сомго, чыгашасы 801210 сомго бекитилсин. (тиркеме №1,
№2, №3)
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 100 сом.
-Кара мал жана топоз(жаш)бир башына - 90 сом.
-Кой-эчкинин бир башына- 25 сом.
-Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 150 сом.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 350 сом.
-Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 300 сом.
-Кой жана эчки бир башына - 80 сом.
-Жылкы,эшек жана төө бир башына- 350 сом .
4. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.12.2021-жылдагы №547 Жарлыгына ылайык Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлеринин юридикалык жер салыгы жайыт пайдалануучулардын макулдугу менен жайыт аянттарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытына жумшалсын.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга милдеттендирилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |
Зергер жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджети
Жайыт комитетинин киреше булагы № 1 тиркеме
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Которуу коэф | Шартуу баш | Бир шартуу баштын төлөмү | Малдын башына төлөмү | Жалпы сумма мал башына | Жалпы сумма |
1 | Кара мал чон | 2418 | 1 | 2418 | 100 | 100 | 245600 | 245600 |
2 | Кара мал кичине | 920 | 07 | 644 | 90 | 90 | 82890 | 82890 |
3 | Жылкы | 1131 | 1 | 1131 | 150 | 150 | 169650 | 169650 |
4 | Кой эчки | 12123 | 02 | 2424,6 | 25 | 25 | 303070 | 303070 |
| жалпы:
|
|
|
|
|
| 801210 | 801210 |
Жайыт комитетинин чыгымдары № 2 тиркеме
№ | Чыгымдын түрлөрү | Адам саны | Айы | Суммасы |
1 | Эмгек акы (10000х2=20000)
| 2 | 24 | 240000 |
2 | Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25% |
|
| 41400 |
3 | Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары |
|
| 45000 |
4 | Автомашинанын ремонтоо үчүн |
|
| 15000 |
5 | Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн. |
|
| 201210 |
6 | Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм |
|
| 10000 |
7 | Жайыт комитетинин резервдик фонду |
|
| 50000 |
8 | Жергиликтүү бюджетке чегерүү |
|
| 240000 |
| жалпы : |
|
| 801210 |
Жайыт комитетинин сметасы № 3 тиркеме
№ | Чыгымдардын аталышы | Жалпы 2024-ж | Квартал | |||
1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 | Эмгек акы | 240000 | 60000 | 60000 | 60000 | 60000 |
2 | Соцфонд төлөмдөрү | 41400 |
| 13500 | 13500 | 14400 |
3 | Башка чыгымдар: ГСМ,сапар ж.б | 40000 | 6000 | 11300 | 11300 | 11400 |
4 | Телефон жана конц.чыгымдар ж.б. | 5000 | 1000 | 1200 | 1400 | 1400 |
5 | Машинаны ремонттоого | 15000 |
|
|
| 15000 |
6 | Жайыт инфраст. ондоо үчүн | 159810 |
| 100000 | 59810 |
|
7 | Райондук жайыт ассосациясы үчүн | 10000 |
|
| 10000 | |
8 | Жайыт ком. резервдик фонду | 50000 |
|
| 50000 | |
9 | Жергиликтүү бюджетке | 240000 |
|
|
| 240000 |
| жалпы:
| 801210 | 67000 | 186000 | 156010 | 392200 |
Зергер жайыт комитетинин төрагасы К. Маматалиев