Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 22

  Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы                       № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып жана таянып,  айыл аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан ишкерлерди колдоо жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин көтөрүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын ээлеген жер аянттары (плотиналары менен кошо) айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы                                  Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров