Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 24

  Ак-Турпак айыл аймагындагы Күрүчтү кайра иштетүү комплексин убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Жаңы-Жер айылына күрүчтү кайра иштетүү комплекси уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын                      19-июнундагы №1—498 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

2. Күрүчтү кайра иштетүү комплексин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Маканбаевге жана көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.И.Коргонбаеге тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров