Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 25

   

Жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө

 

Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын директору И.А.Джолдошалиевдин Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 26-мартындагы №09-70 сандуу чыгыш катындагы маселелер боюнча маалыматты угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

1. Суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясынын директору И.А.Джолдошалиевдин Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 26-мартындагы №09-70 сандуу чыгыш каты көңүлгө алынсын жана 2017-2026-жылдарга КР нын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын тизмесине кирген “Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги жерлерди өздөштүрүү (2-кезек)” объектисинин курулушуна керектүү жер тилкелери убактылуу пайдаланууга 42,4 га, биротоло 45,5 га, жалпы 87,9 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы                                  Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров