Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 08-августундагы № 25/6

 

Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жумушчулары жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, жергиликтүү бюджетти туура пайдалануу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-35-39-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу :

- Турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жумушчулары (9 штаттык бирдик) Чүй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен чыгарылып, келишим түрүндө иштөө тартибине өткөрүлсүн;

- Турмуш-тиричилик бөлүмүнө айдоочунун 1 (бир) жумуш орду түзүлсүн.

- Жумушчулардын айлык-акылары, иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев