Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 26

  Жайыт бирикмесин жоюу жөнүндө

 

"Ак-Турпак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун АТР (административдик-аймактык реформа) жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу жайыттарды жоюу тууралуу кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жайыт бирикмеси "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына бириктирилип жаткандыктан, жайыт бирикмесинин жыйыны өткөрүлүп, өзүн өзү жоюу тууралуу протоколу тиркелгенден кийин, жайыт бирикмесин жоюуга макулдук берилсин.

         

2. Ушул токтомдун аткарылышы "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров