Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 31

  “Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

“Мурзакарим” ЖЧКнун директору М.Ботобековдун кайрылуусун эске алып, перспективалуу пландарды ишке ашыруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. “Торговый” базарына жакын жерден сейил бак жана авто унаа токтоочу жай куруу үчүн 10 (он) га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы                                  Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров