Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 32

  Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарына ГЕН.ПЛАН түзүү үчүн келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине максаттуу келип түшкөн акча каражаттарын өз багытына чыгымдоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарына ГЕН.ПЛАН түзүү үчүн, Республикалык бюджеттен келип түшкөн 2 665,900 (эки миллион алты жүз алтымыш беш миң тогуз жүз) сом акча каражаты, өзүнүн максаттуу жолу менен багытында жумшалсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы                                  Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров