Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 08-августундагы № 25/10

 

Чүй айыл өкмөтүнө «Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан акча каражатын алууга уруксаат берүү жөнүндө

 

«Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан Чүй айыл өкмөтүнө таштанды чыгаруучу автоунаа алууга акча каражатын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнө таштанды чыгаруучу автоунаа алууга «Чүй райондук өнүктүрүү» фондунан 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражатын алууга уруксаат берилсин.

2. Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатка долбоор түзүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев