ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-майындагы № 24/4
«Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-2026 – жылдарга божомол сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү тууралуу»
Чүй айылдык Кеңешинин каржы–экономика жана бюджет комитетинин протоколун карап чыгып жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын А.Малдыбаеванын 2024-2026–жылдарга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралуу маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34–беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-2026 - жылдарга Чүй айыл өкмөтүнүн божомол СЭӨП аткаруу иштери Чүй айылдык кеңешинин отурумунда бекитилсин.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бѳлүмүнүн суммасы 60624,7 миң сомго бекитилсин.Анын ичинен:
- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 53858,9 миң сом;
- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 миң сом.
3. Чүй айыл өкмөтүнүн 2025-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы – 67196,7 мин сомго бекитилсин.Анын ичинен:
- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 60430,9 мин сом;
- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 мин сом.
4. Чүй айыл өкмөтүнүн 2026-жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы – 72226,7 мин сомго бекитилсин. Анын ичинен:
- жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 65460,9 мин сом;
- атайын каражаттар эсебинен – 6765,8 мин сом.
5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага, Чүй айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.А.Алиев |