Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 24/3

 

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун 2023 – жылдын I кварталында аткарган иштери тууралуу

 

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун 2023 –жылдын аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча отчету бекитилсин жана ишине канааттандыраарлык баа берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев