Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 24/2

 

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзу тарабынан, Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн атайын техника сатып алуу жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзу тарабынан, Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматын жакшыртуу,калкка кызмат көрсөтүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, депутаттарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ союзу тарабынан, Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй айыл өкмөтүнөн катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу максатында атайын техниканы сатып алуу боюнча долбооруна артыкчылык берилсин.

2. Долбоорго Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары 350 (үч жүз элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү Чүй айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.Малдыбаевага тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев