Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 12-майындагы № 24/1

 

Чүй айыл өкмөтүнүн «Чүй-Сууканал» муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановдун сунуш кылган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, депутаттарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 11-бөлүмүндө бекитилген 1 500,0 миң сом акча каражаты, Чүй айыл өкмөтүнүн «Чүй-Сууканал» муниципалдык ишканасына, чыгашаларынын сметасына ылайык колдонууга бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү Чүй айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.Малдыбаевага тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун максаттуу аткарылышы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Сулаймановго жана «Чүй-Сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.И.Ибраимовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Р.А.Алиев