ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-майындагы № 23/7
“Акча каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которуу тууралуу”
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин протоколунун негизинде жана Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу, 2023-жылга карата кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 12-бөлүмүндөгү 2 млн 500 мин сом “Эркин калдыктын” 8-бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн “Чүй айылынын көчөлөрүн асфальттоо жана кезектеги оңдоо” пунктунан 1 660, 0 миң сом акча каражатын төмөндөгү беренелерге которууга макулдук берилсин.
· ТТБ
3111 “Имараттар жана курулуштар” 1 660, 0 сом
Жалпы: 1 660, 0 сом
· Аппарат
2211 “Кызматтык сапарлар чыгымдары” 200,0 сом
2621“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын
бирикмесине төлөм” 32,0 сом
3112 “ Машиналар жана курулуштар” 130,0 сом
· ТТБ
2215 “Товарларды жана кызматтарды пайдалануу” 548,0 сом
2222 “Чарба товарларын сатып алуу ” 600,0 сом
· Билим берүү
2222 “Чарба товарларын сатып алуу ” 100,0 сом
· Китепкана
3112 “Машиналар жана курулуштар” 50,0 сом
Бардыгы: 1 660,0 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.А.Алиев |