ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XIV сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 22-ноябры № 14/8
Ылай-Талаа айылындагы “Кызыл-Аңгел” участкасындагы айдоо жерлерди сугат суу менен камсыздоого долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ”Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айылындагы “Кызыл-Аңгел” участкасындагы айдоо жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин эсебинен 485 400 (төрт жүз сексен беш миң төрт жүз) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Айтбаев |