Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясынын

2024-жылдын 27-ноябры  №2

 

“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

          Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын ) кезектеги I уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Эсептөө комиссиясынын Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

  1. Курманбаева Индира Акматовна Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

  1. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Т.И. Токтоболотов