Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 35

 Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо жөнүндө

 

Миң-Чынар айылынын ички жолдоруна элдин салымы жана айыл өкмөтүнүн өздүк салымы менен асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жаткандыктан айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Миң-Чынар айылынын айыл башчысы А.Дыхановдун кайрылуусун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Миң-Чынар айылына асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунушталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басары Г.Осмоновага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров