Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 38

 Төрт- Гүл айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын кароо жөнүндө

 

Баткен районундагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы                     №04-27/1114 сандуу Ак-Турпак айылдык кеңешине жазган кайрылуу катын  угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы №04-27/1114 сандуу каты көнүлгө алынсын жана канаатандырылсын.

2. Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон, Өтүкчү, жана Ак-Турпак айылдарында эл менен жыйындар өткөрүлүп, элдин макулчулугун алып, протоколдор түзүлсүн.

3. Ак-Турпак айыл аймагы аркылуу 10 км 580 м аралыкта труба аркылуу сууну өз нугунда алып кетүүгө макулдук берилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров