Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 39

 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жана инвестиция тартууда өздүк салымды эске алуу менен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен зарылчылыкка жараша, мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берүү максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча каражаттардын эсебинен зарылчылыкка жараша, мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, киреше булактарын так көрсөтүү, чыгымдардын багыттарын аныктоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Имаров