Редакцияот 05.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 5-июну  №13/1

Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатынын максатын өзгөртүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктусуна жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбекдун 29.05.2024-жылдагы №02-20/109 сандуу катын карапжана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын XIII кезексизсессиясы;

                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында 1 (бир) Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу атайын техникасын жана 1 (бир) Фронталдык погрузчик сатып алуу үчүн жумшалсын.

2.     Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын материалдык жана техникалык базасын чындоо боюнча бизнес-план иштеп чыгуу жагы жүктөлсүн.

3.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттын максаттуу сарпталышын  көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

    Төрага

Ы. Бакаев