ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 8 -кезектеги сессиясынын
2022-жылдын 19-январы № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинен пайдаланылбай калган акча каражаттарын 2022-жылда пайдалануу багыттарын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, 2021-жылдагы пайдаланылбай калган акча каражаттарын, 2022-жылга карата пайдалануу багыттарын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы пайдаланылбай калган 4224,6 миң сом акча каражаты № 1-тиркемеге ылайык 2022-жылга карата пайдалануу багыттары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |
|
| Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги № 8-сессиясынын № 2 токтомуна № 1тиркеме |
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы пайдаланылбай калган акча каражатын 2022-жылга карата пайдалануу багыттарын тизмеси
(миң сом)
№ | Пайдалануу багыттарын аталышы |
Сумма
|
1 | 70111- Аппарат | 100,0 |
2 | 70221- гражданская оборона | 350,0 |
3 | 70491- Эконом и айыл чарба | 610,0 |
4 | 70629- ЖКХ | 2 394,0 |
5 | 709 - Билим берүү | 770,3 |
| Пайдалануу багыттарын жыйынтыгы: | 4 224,6
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | А.Худайназаров |