ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 8 -кезектеги сессиясынын
2022-жылдын 19-январы № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн уюшулган “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын азыркы учурда күйүүчү-майлоочу каражаттардын наркы ашкандыгына байланыштуу таштандыларды ташып чыгаруу үчүн кварталына 200 сомго бекитип берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 15-январындагы сунуш катын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүнар бир кожолукка кварталына 200 сом бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана таштандыларды ташып чыгаруу тарифтерин, мамлекеттик монополияга каршы курөшүү агенттиги менен макулдашуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Жаңы-Ноокат Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Эргашевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестициятартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |