Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты № 1

Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2021-жылда жүргүзгөн ишмердүүлүгу жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотуна 2021-жыл ичинде айыл аймагында жашоочу 48-айыл тургундары арыз менен кайрылган. Бардык арыздар каралып, жыйынтык чыгарылган учурда, үй-бүлөөлук өз ара чыр-чатак болгон 22 үй-бүлөө жараштырылган, 6 үй-бүлөөгө мөөнот берилген, 8 үй-бүлөө райондук сотко жиберилген, 10 үй-бүлөө ажыраштырылган, 48 арыздар ичинен мураскордук иштери боюнча 2 арыз көрүлүп азыркы күндө райондук ички иштер бөлүмүндө каралууда. Той маарекелерди өткөрүү тууралу 67 арыз боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203 Жарлыгына таянып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрацыясы жөнүндөгү" мыйзамынын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2021-жылда жүүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп бекитилсин.

2. Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун жыл ичинде жүргүзгон негизги маселелер айыл тургундар арасында ынтымактуулукту сактоо, коомдук тартиптин бузулушун алдын алуу, жаш үй-бүлөөлөрдүн турмушун чыңдоо, ажырашуулардын алдын алуу, ар түрдүү укук бузууларды жана кылмыштуулуктарды болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралары жөнүндө” Жарлыгында көрсөтүлгөн каада-салт , үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу ,ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү иш- чараларды алыпбаруу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов