Редакцияот 10.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын

2022-жылдын 10-марты № 2

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылда аткарыла турган иштерин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген иш планга негиз, ишти алып баруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларынажүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

 

  

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин

(жетинчи чакырылышынын) 2022-жылдын

10-мартындагыкезектен сырткары № 9-

сессиясынын № 2 токтомуна Тиркеме

 

 

 

 

 

 

“Бекитемин”

 Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин

төрагасы К.Сатторов

 

 

   

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракеттери боюнча иш-планы

 

 

№

Иштердин мазмууну

мөөнөтү

Ким тарабынан аткарылат

1

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-чарбалык жылындагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга милдеттемелери, 2023-2024-2025социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

1-квартал 2022-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

2

Жаңы-Ноокат Айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү

1-квартал 2022-жыл

Айылдык кенешинин жооптуу катчысы

3

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы таза-суу ишканаларын аткарып жаткан иштери боюнча отчету жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

1-квартал 2022-жыл

Таза-суу ишканаларын жетекчилери жана Айылдык кеңештин туруктуукомиссиясы

4

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

2-квартал 2022-жыл

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын жарым жылдыгына карата милдеттмелери боюнча маалыматтарын угуу

2-квартал 2022-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

6

Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тазалоо, санитардык жана гигиеналык абалды жакшыртуу иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишенбиликтерди өткөрүү жөнүндө

2-квартал 2022-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Айылдык кеңешинин депутаттары, мектеп директорлору, №12, №13ҮДТжана “Жаны-Ноокат Тазалик" муниципалдык ишканасын жетекчиси

7

Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши боюнча маалыматтарын угуу

2-квартал 2022-жыл

Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана соцкызматкер

8

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу

2-квартал 2022-жыл

Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын төрагалары

9

Жаңы-Ноокатайыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2021-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун азыркы күндөгү абалы жөнундөгү маалыматын угуу

2-квартал 2022-жыл

Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү

10

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин 2022-2023-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалыматын угуу

2-квартал 2022-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин директорлору, соц кызматкер жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы .

11

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттмелери боюнча отчету

3-квартал2022-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

12

Айыл аймагындагы элдин мал-чарбасын абалы тууралуу ветврачтын маалыматын угуу

3-квартал 2022-жыл

Вет.адис жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

13

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2022-жылдын 9-айында аткарылышы жана 2022-жылдын 4-чейрегине карата милдеттмелери жөнүндө

4-квартал 2022-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

14

Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, жарандык актыларын катоо, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу

4-квартал 2022-жыл

ВУС башчысы жана миграция жана жумушсуздук боюнча адис

15

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

4-квартал 2022-жыл

Айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары

16

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Гезарт” суу пайдалануучулар асоссациясынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтын угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, түзүлгөн иш пландары жөнүндө

4-квартал 2022-жыл

Гезарт СПА сынын Директору жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

17

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүү абалы боюнча № 12-№ 13 /ҮДТ нын клиникалык жетекчилеринин отчеттору

4-квартал 2022-жыл

№12-13 /ҮДТ нын жетекчилери, соц кызматкер жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы