Редакцияот 05.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 05-июну  №13/4

Айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентин Кз белгилөө жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 404-беренеси жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 03-июнундагы №02-21/114 сандуу катын карап жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын XIII кезексизсессиясы;

                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык, айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент (Кз) 2,0 өлчөмүндө белгиленсин.

2.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

   Төрага

Ы. Бакаев