Редакцияот 24.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 

 

2024-жылдын 24-июлу № 7/10

  

Чаувай айылындагы IT мектебин ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Уч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Чаувай айылына IT мектеп уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
  2. Чаувай айылындагы IT мектеп бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

М.Кочконова