НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
2024-жылынын 24-январы №14/6
« Айыл аймакта муниципалдык менчикте турган имараттардын ижара акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө ».
Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровдун 18.01.2024-жылдын 1-01-11/2 сандуу катынын 1-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган имараттардын ижара акылары экономикалык эсептерге таянып, төмөнкү тартип менен бекитилсин.
- Калкты Тейлөө Борборунун ар бир чарчы метри 70сом
- Башка объектилердин ар бир чарчы метри 50сом
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчы М. Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |