УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2024-жылдын 24-июлу № 7/11
Чаувай айылындагы IT мектебин ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Уч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Чаувай айылына IT мектеп уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1—498 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
- Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтуу Жобо 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | М.Кочконова |