ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 9 - сессиясынын
2022-жылдын 10-марты № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 17-февралындагы № 1007 сандуу билдирүүсү, “Таш-Коргон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрунун арызына негиз, 0.65 га жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 17-февралындагы № 1007 сандуу бидирүүсүндо, “Таш-Коргон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрунун 0.65 га жер аянтын багытын озгортуп берүү жөнүндөгү арызын үйрөнүп чыгып жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Таш-Коргон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрунун 0.65 га жер аянтын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |