Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы 

 

2024-жылдын 9-сентябры № 8/4

Үч-Коргон айылында курулуучу балдар эс алуучу сейил бакка айыл өкмөтүнөн  өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 11-сентябрындагы Чыг:№01-04/350 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.     Үч-Коргон айылында курулуучу балдар эс алуучу сейил бакка айыл өкмөтүнөн   өздүк салым кошууга макулдук берилсин.

2.     Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрайым

М.Кочконова